• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

2-март. Күндүн ыргагы… Кыргызстанда бийлик эки баштуу болуп баратабы?

2 Жалган куран 2018 17:44 Бишкек Govori.TV

Милиция-Полиция. Кара мышык болобу, ак мышык болобу, чычкан кармаса болот эле

Кыргызстанда милиция,  полиция болуп өзгөрөт. Бул тууралуу бүгүн өкмөт башчы Сапар Исаков билдирди.

“Милиция бул көзөмөлдөөчү орган болуп келген. Полиция болгондо коомчулук менен кызматташууга шарт түзүлөт экен. Албетте баарын которуп чыгыш үчүн бир топ каражат сарпталат. Мен башка өлкөлөрдун тажрыйбасын үйрөнгүлө деген тапшырма бердим деди»,-өкмөт башчысы.

Ошондой эле Сапар Исаков “Коопсуз шаар” долбоору жакын арада ишке ашаарын айтты.

“Ар бир жол кырсыгын, көз жумгандар менен жабыркагандарды көргөндө жүрөгүм тилинет –дейт» Сапар Исаков.

 

Сооронбай Жээнбеков коррупцияны жеңеби же коррупция Сооронбай Жээнбековду жеңеби?

Бүгүн саясатчылар, жарандык активисттер менен укук коргоочулар тегерек столдун чекесине чогулуп, Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы демилгесин талкуулашты. Иш чарада ар кандай ачуу-таттуу сөздөр айтылды. Негизги суроо Сооронбай Жээнбеков коррупцияны жеңеби же коррупция Жээнбековду жеңеби?

Экс-президент Роза Отунбаева өлкөдө бийлик эки баштуу болуп бара жатканын, президентке жардам берүү үчүн бир башты кескенге жардам бериш керектигин айтты.

“Таза Кыргызстан” партиясынын лидери Марат Иманкулов болсо, Роза Отунбаеваын пикирин колдоп, Сооронбай Жээнбековдун сын-пикиринен кийин Башкы Прокурор, УКМК төрагасы, ИИМ министри  “былтыйып” отура бербей, кызматтан кетишсе болмок дейт.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, Президент мурдагы кадрлардан арылмайынча иши жылбай тургандыгын айтат.

Саясий ишмер Адахан Мадумаров Сооронбай Жээнбековду колдойлу дегендерди катуу сынга алды. Баардык президент коррупция менен күрөшөм деп келет. Акаев дагы, Бакиев дагы ошентип келген. Эми силер Сооронбай Жээнбековду колдойбуз деп жатып бузуп аласыңар деди.

Ал эми укук коргоочу Чолпон Жакупова бул сөздөрдүн баардыгы эле ушул жерде калат. Биз реалдуу күч түзүп албасак, бийликтегилер бизди угуп дагы койбойт дейт.

Жыйындын аягында тегерек столдун катышуучулары Президентке кат жолдоп туруп, тарап кетишти.

 

Замира Сыдыкованын уулу үй камагына чыкты

Кечээ АКШдан Орусияга, Чеченстанга жана Кыргызстанга почта аркылуу тапанча салып жаткан деп айыпталган Теңгиз Сыдыков бүгүн соттун чечими менен үй камагына чыгарлганы маалым болду.

Замира Сыдыкова кечээ уулунун күнөөсу жок экендигин. Окуянын чоо-жайын иликтөөгө гана чакырылыганын айткан.

Бүгүн болсо УКМК Замира Сыдыкованын Бишкектеги уулу Чынгыз Сыдыковду сурака чакырды.

 

Бир депутат кетти, башка депутат келет

Жогорку Кеңештин “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Фархат Иминов мандатын тапшыргандыгы тууралуу билдирүү таратты. Атайын кайрылуу жасаган эл өкүлү эмнеге мындай кадамга барып жаткандыгынын негизги себебин айткан эмес. Кесиетештерине жана партиялаштарына ыраазычылык билдирип эле тим болгон.

Анын ордуна тизме боюнча Марлен Маматалиев келет экен. Жаңы келчү депутат мурдагы вице-премьер-министр Абрахман Маматалиевдин уулу экен. Өмүрбек Бабанов “Кыргыз-Орус” өнүктүрүү фондунан 17 млн доллар насыя ала коюп чууга кабылганда, марлен Маматалиевдин дагы аты аталган. Ал «Азия Молл» соода борборуна ээлик кылган«Аллор Строй Сервис» ААКна жетекчи болуп катталган.

 

Мотору күйгөнчө учкан учак, аман калганына сүйүнүп ыйлап жиберген жүргүнчү.

Кечээ Бишкек-Баткен авиакаттамы авариялык конууга муктаж болгондугу тууралуу маалымат тараган. Бир жак мотору күйүп кеткен учак, жарым саат айланып жүрүп аэропортко конгон. Жүргүнчүлөр күйүп кеткен моторду видеого тартып алышкан.

Аэропортко аман-эсен конгон соң, сүйүнгөнүнө чыдабай ыйлап жиберген жүргүнчүнүн видеосу дагы коомчулуктун көңүлүн бурду.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бегаалы Наргозуев кароодон өткөрүү тармагы коррупциялашып кеткендиктен, учактар мотору күйүп кеткенче уча берип жатканын айтты. 96 адамдын өмүрүн тобокелге салган Tezjet авиакомпаниясы,Жарандык авиация агенттигинин мурдагы жетекчилерине таандык экенин Бегаалы Наргозуев билдирди.

Количество просмотров: 20