2-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат
2-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат
1 Жетинин айы 201816:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек.01.10.2018.Govori.TV.
2-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан, кар, калган аймактарда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу болот. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак болот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6, Ысык-Көл облусунда 15-20 метрге чейин жетет.