Кыргызстанда 2-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана тоолуу аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25,
Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25,
Баткен облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22,
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн 10…12, күндүз 23…25 градус жылыйт. Жаан-чачын болбойт.