• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

2 жашар баланын өлүмү. Башкы дарыгер маалымат берди

15 Үчтүн айы 2024 15:25 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги №3 балдар ооруканасындагы 2 жаштагы наристенин өлүмү боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан кабарлашкан.

Ал эми №3 Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акыл Маманов окуя тууралуу маалымат берип, баланы ооруканага алып келген учурду айтып берди.

«Баланы апасы өз алдынча ооруканага, багыттамасы жок Сокулук районунан алып келет. Келип нөөмөт бөлүмундөгү дарыгерлерге кирген. Ал күндөрү бизде кезек аз болчу. Биздин дарыгер балага биринчи жардам көрсөткөн. Келгенде бала демигип, дем алуусу кыйын болуп жаткан. Жардамдан соң баланын акыбалы кичине жакшырган. Ага коюлган алдын ала диагноз менен Жалга которулуш керек болчу. Тез жардам чакыртылган, ал келгиче эле баланын абалы кескин төмөндөп кеткен. Дагырелердин аракетине карабастан бала каза болуп калган», — дейт ал.

Милициянын маалыматына караганда, 13-январь күнү Октябрь РИИБге М.А. аттуу жаран арызы менен кайлырып, борбор калаадагы ооруканаларынын биринин медициналык кызматкерлерге чара көрүүнү өтүнгөн. Анда өзүнүн кесиптик милдеттерин туура эмес аткаргандыгына байланыштуу 2021-жылы туулган К.А. аттуу баласынын өлүмүнө алып келгени жазылган.

Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин маалыматардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган, бардык экспертизалар дайындалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 730