• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

2 жашар баланын өлүмү боюнча териштирүү иштери башталды

15 Үчтүн айы 2024 9:20 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги №3 балдар ооруканасындагы 2 жаштагы наристенин өлүмү боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-январь күнү Октябрь РИИБге М.А. аттуу жаран арызы менен кайлырып, борбор калаадагы ооруканаларынын биринин медициналык кызматкерлерге чара көрүүнү өтүнгөн. Анда өзүнүн кесиптик милдеттерин туура эмес аткаргандыгына байланыштуу 2021-жылы туулган К.А. аттуу баласынын өлүмүнө алып келгени жазылган.

Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин маалыматардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган, бардык экспертизалар дайындалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 107