• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

2 жаштагы наристени жеңеси сабап өлтүргөн

11 Үчтүн айы 2019 16:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.01.2019. Govori.TV

Кезектеги кайгылуу окуя кайра кайталанды. Ош облусунда 2 жаштагы бала жеңесинин колунан таяк жеп, ооруканага жетпей каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ИИМден маалымдашты.

Маалыматта айтылгандай, Ош облустук балдар ооруканасына 2019-жылдын 10-январь күнү, болжол менен саат 15.00 чамасында Ош шаарынын тургуну 2016-жылдын 2-сентябрында туулган жаш наристе «судороги болуп жатат» дешип, баланын атасынын агасы тарабынан жеткирилген. Врачтар баланы кароо учурунда бала ооруканага чейин эле каза болуп калгандыгын гана айтышкан.

Баланын ѳлүмү тууралуу ак халатчандар Ош шаардык ички иштер башкармалыгына кабар билдиришкен. Ош ШИИБнын атайын ыкчам- иликтѳѳ тобу тарабынан бул ѳлүмгѳ сырттан таасир эткен болушу мүмкүндүгүн байкашкан милиция кызматкерлери окуя болгон жерде кароо жүргүзүлүп, жабырлануучунун ѳлүмүнүн жана жаратынын оордугун аныктоо максатында соттук медициналык экспертиза дайындалган.

Жыйналган иш кагаздары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Соттук медициналык эксперттин катышуусунда наристенин жансыз денесин сырттан кароо учурунда анын бети-башында, колдорунда жана сандарында кѳгѳргѳн жарааттары, сол колунун билегинде ачык жараты бар экендиги аныкталган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кечээ күнү бул кылмышка шектүү катары маркум наристенин атасынын бир тууган агасынын аялы, 1988-жылы туулган К.Б. кармалып, КР ЖПКсынын 98-беренесинин негизинде Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ наристенин шымына сийип алгандыгы үчүн анча-мынча чымчып, анча-мынча буттарына уруп жүргѳндүгүн билдирди. Анын айткандарын күйѳѳсү дагы тастыктап, аялы тарбялоо үчүн кээде кол кѳтѳрүп коюп жаткандыгын айткан.

Учурда, бул факты боюнча окуяны толук жана объективдүү текшерүү, иликтѳѳ иштери жүрүп жатат. Кылмыш кодексинин 138-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 1-пункту(Этиятсыздыктан киши ѳлтүрүүгѳ алып келген ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.

Маркум наристенин атасы менен апасы ажырашып кетип, балдар атасынын колунда калган. Атасы Россияга иштегени кетип, балдарын ѳткѳн жылдын 30-декабрында Базар-Коргондон келип, агасынын үйүнѳ карап туруу үчүн тапшырып кеткен экен.

Булак: “Barometr.kg”сайты

Количество просмотров: 47