• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күйөөсү жаакка муштап, андан соң каракушка тээп аялын өлтүргөн

7 Үчтүн айы 2020 16:04 Бишкек Govori.TV

Кочкордо 37 жаштагы аял күйөөсүнүн токмогунан каза болду. Бул тууралуу Нарын облустук милициясы кабарлады.

Окуя 1-январда, түнкү саат 12.30 чамасында болгон.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон Кочкор районунун Жаңы-Жол айылына барып, 1983-жылы туулган С.Ж. аттуу жарандын сөөгүн сыртынан караган учурда өлүктүн оң көзү жана чыкыйы көгөрүп калганын байкашкан.

Бул окуяга байланыштуу шектүү катары маркумдун күйөөсү камакка алынды. Алгачкы териштирүүдө ал аялы менен уруша кеткенин, эки жолу жаакка муштап, андан соң каракушка бир жолу тээп жибергенин айткан.

Жубайлардын бир уул, бир кызы бар.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Количество просмотров: 528