• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кеминде күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды

29 Кулжа 2022 9:15 Бишкек Govori.TV

Кеминде күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-июнь күнү милицияга Кемин районунун үйлөрдүн биринин короосунан эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине барган милиция кызматкерлери 38 жаштагы Н.А. аттуу жарандын сөөгүн табышкан. Сыртынан кароо жүргүзүүдө маркум күч колдонуп өлтүрүлгөндүгү аныкталган.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип маркумдун 1982-жылы туулган А.С. аттуу жубайы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жубайлардын ортосундагы чыр-чатактан улам аялы күйөөсүн бычак менен сайып алганы белгилүү болгон.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Количество просмотров: 1680