• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

20.04.2018. Күндүн ыргагы. Жаңы Өкмөт келди, шаттанган! Аскар Шадиевден Алтынай Өмүрбекованын эмнеси артык

20 Чын куран 2018 20:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 20.04.2018. Govori.TV

Бүгүн, Жогорку Кеңеш Мухаммедкалый Абылгазиевди КРнын Өкмөт башчылыгына шайлады. Ал жетектеген министрлер кабинетинин курамын, структурасы менен кошо бекитүүгө эл өкүлдөрүнөн залга 115и келип, баардыгы тең бир добуштан колдоп беришти. 100 пайыз ишеним алган жаңы премьер-министрге ийгилик каалайлы. Көз тийбесин.

Эл өкүлү Ырыскелди Момбеков айткандай, “эркелеп келген өкмөттөр эртелеп кеткенден” кийин, ордуна жаш эмес, кагылып согулган, куйрук-боору аралашкандар келди. Айрымдары жаңырбаса, көпчүлүгү ордунда калды. Ошондо, эртеңден баштап ишке кирише турган Өкмөттүн курамы төмөндөгүдөй болду:

Премьер-министр – Мухаммедкалый Абылгазиев;

Биринчи вице-премьер-министр – Кубатбек Боронов; (мурда министр болуп иштеген

Вице-премьер-министр – Замирбек Аскаров;(жаңы)

Вице-премьер-министр – Жеңиш Разаков;(мурда иштеген)

Вице-премьер-министр – Алтынай Өмүрбекова;(жаңы)

Өкмөттүн аппарат башчысы – Мурат Мукамбетов;

Экономика министри – Олег Панкратов; (мурда Экономика министри, вице-премьер болгон)

Финансы министри – Адылбек Касымалиев (буга чейин иштеп келген);

Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министри – Нурбек Мурашевге (буга чейин иштеп келген);

Транспорт жана жолдор министри – Жамшитбек Калилов (буга чейин иштеп келген);

Билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева (буга чейин иштеп келген);

Юстиция министри – Айнур Абдылдаева (буга чейин иштеп келген);

Тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев (буга чейин иштеп келген);

Ички иштер министри — Кашкар Жунушалиев;(мурда иштеген)

Өзгөчө кырдаалдар министри – Нурболот Мырзахметов;(жаңы)

Маданият, маалымат жана туризм министри – Султан Жумагулов (буга чейин иштеп келген);

Саламаттык сактоо министри – Космосбек Чолпонбаев, (жаңы)

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Таалайгүл Исакунова (буга чейин иштеп келген);

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчиси – Улан Рыскулов (буга чейин иштеп келген);

Байланыш жана маалыматтык технологиялар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Бакыт Шаршембиев;(мурда иштеген)

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси – Эрлис Тердикбаев;

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси – Идрис Кадыркулов(жаңы)

 

Ошону менен эми бул Өкмөт Сапар Исаковдун “Таза коом” программасын ишке ашырып, анын ичинде “Акылдуу шаар”  долбоорун ишке киргизүүнү эртелеп колго ала турган болду.

Мандаттан кызматты артык көргөн

Кечээ,  “Республика-Атажурт” партиясы “аталуу” болуп, парламенттеги көпчүлүк коалицияга кошулган. Сыягы, оппозиция болуу анчалык жарашпай турганын, фракциянын ыркы кетип, ыйкы-тыйкы боло бергенден тажап кетишти окшойт.  Ошонун эсебинен бүгүн аларга Өкмөттүн социалдык тармагын тейлей турган вице-премьерлик орун тийип, ага ЖКда вице-спикер болгон, аким, Бишкектин мэринин орун басарлыгы кызматтарын басып өткөн депутат Алтынай Өмүрбекова тандалып барды. Бул айымдан ийгилик күткөндөр арбын.

Бирок, биз сөз кыла турган  жагы-Алтынай айымдын саясий эрктүүлүгү! Себеби, ал Башмыйзам жол берип, турганына карабастан, Вице-премьерлик   кызматка бара жатып, депутаттык мандатынан баш тартаарын айтты. Ооба, былтыркы өзгөргөн Конституцияга ылайык, Премьер-министр, жанан анын эки орун басары Жогорку Кеңештеги депутаттыктан бара турган болсо алардын мандаты сакталуу туруп, бир эле учурда эки кызматты аткарууга жол ачылган. Мунун ошол кездеги Президент Алмазбек Атамбаев Өкмөт менен парламенттин туруктуулугу үчүн абдан жакшы өбөлгө деп түшүндүргөн. Ошону менен 2017-жылдын 25-августанда шайланган Өкмөткө вице-премьер министр болуп депутаттыктан барган Аскарбек Шадиев ушул күнгө чейин депутаттык мандатын сактап, эки кызматка тең “үлгүрүп” келген болчу.

Бирок, Алтынай Өмүрбекова “Мыйзам жол бергенине карабай, мен өзүм мандатымды тапшырам. Себеби, менден кийинки партиялаштарым да депутат болуп иштеп, партиянын идеяларын ишке ашырып, мүмкүнчүлүгүн көргөзсүн. Мен бир жактуу ишим менен гана алек болоюн”,-деген оюн билдирди. Бул саясий эрктүүлүгү, мандаттан элге кылган кызматтын маанилүү экендигин сезген Өкмөттүн орун басарын коомчулук коштоп, кол чабууда. Айымдардан жигиттер үлгү алып, арына келе турган болду.

//govori.tv/?p=18531

 

 

Количество просмотров: 47