• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

20.12.2017 Күндүн ыргагы: НТСти ким кимден басып алган? Салянованын ишин Эркин Мамбеталиевди актаган сот карап жатат

20 Бештин айы 2017 18:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн дагы эң башкы жаңылык НТС телеканалынын айланасында болуп жаткан окуялар болду.

“Канал 2010-жылы рейдерлик жол менен басып алынган жана ага Өмүрбек Бабанов аралашкан”, — деп билдирди бүгүн НТС телеканалынын тегерегиндеги окуяларга байланыштуу маалымат жыйынын өткөрүп жаткан «Grexton Capital LTD” компаниясынын адвокаты Елена Дзимидович. Ал Максим Бакиев менен тааныштыгы жок экенин, өзү жалданган адвокат экенин билдирип, бирок ким тарабынан жалданганын ачык айткан жок. Дзимидовичтин айтымында, «Grexton Capital LTD” 2010-жылга чейин каналга 2 млн. 357 миң доллардан ашуун инвестиция салган. Учурда бул каражатты кайтарып алуу аракети жүрүп жатат. Адвокат каналды жабуу максат эмес экендигин жана НТС жетекчилиги менен сүйлөшүү улана берерин, баары мыйзам чегинде жүрөрүн кошумчалады.

3

Нтс телеканалынын мүлкүн камакка алуу боюнча сотко кайрылган компаниянын адвокаты Елена Дзимидович Нтстин чыныгы жетекчисинин ысымын ачыктады.

Опубликовано Next TV Среда, 20 декабря 2017 г.

Ал эми НТС телеканалынын юристи Елена Дзимидовичке ишеним катты эларалык издөөдө жүргөн Максим Бакиевдин жакын адамы.

НТС каналынын юристти маалымат берүүдө

Опубликовано Радио Марал-MARAL FM Вторник, 19 декабря 2017 г.

Grexton Capital Ltd компаниясынын өкүлү катары Елена Дзимидовичке ишеним кат Минск шаарында Максим Бакиевдин жакындары тарабынан жазылып берилген. Бул тууралуу НТС телеканалынын юристи Амантур Абдырахманов билдирди. Анын айтуусунда ишеним катты эл аралык издөөдө жүргөн Сергей Костырин берген. Ошондой эле райондор аралык соттун чечими мыйзамсыз экенин айтат.

Ал арада НТС каналындагы жагдайга кайдыгер карабаган саясатчылар үн кошууда. Бүтүн Кыргызстан партиясынын лидери Адахан Мадумаров бул чыр чсаясий эмес чарбалык маселе катары чечилиши керектигин билдирди.

— Бул чарбалык доо кечээ пайда болгон жок. Бул башта “ВОССТ” компаниясы болгондон, Валерий Хондон бери келаткан доо. Эмнеге унчукпай отуруп бүгүн чыгып жатышат? Себеби бүгүн бийликке ыңгайлуу болуп калды. Мурда бийлик менен кол кармашып чогуу иштешкен. Ошондуктан соода жүрүп жатат. Мыйзам бузуу качан башталган, ошол жерден башташ керек, — деди Мадумаров.

Президент сотко берип ири суммадагы акчага доого жыгылган Нарын Айып президенттер алмашкан сайын мүлк бөлүштүрүү Кыргызстанда кайрадан башталып жаткандай элес калтырып жатканын айтты.

Коомдук мамлекеттик ишмер, Каныбек Осмоналиев кийинки убактарда кыргыз коомчулугу, айрыкча массалык маалымат каражаттарынын демократияга болгон  ачык-айкындуулугу боюнча көйгөй маселелер жаралып жаткандыгын айтты.

«Оппозициялык саясат болгондон кийин, анын массалык маалымат каражаттары болуш керек. Кийинки учурларда айрыкча телеканалдарга коркунуч туудуруп жатат. Мисалы, «Пирамида»  жана 5-каналдарынын   жетекчилиги алмашууда. Ал эми «Сентябрь» телеканалын мыйзамды бузуп эле жаап коюшту. Ага жооп берген деле эч ким жок»-дейт Осмоналиев.

Бүгүн, 20-декабрда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы баш прокурор, экс-министр Аида Саляновага байланыштуу ишти кароону улантууда.

Мында  2010-2016-жылдар аралыгында Юстиция министрлигинде иштеген Гүлзат Жумасаева күбө катары суроолорго жооп берди. Ал Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартууда мыйзам бузуу болбогонун билдирди. Учурда соттук коллегия ишти териштире баштады.

Белгилей кетсек, Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин  адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан»- деген айып тагылып,10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн режимде 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Ал эми Салянова өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, бул иш саясий буюртма экенин айтып келет.

Шаардык сотто түшүнүксүз себептер менен кечээтен бери отурумдун жетекчиси катары Бишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина Воронцова отуруп калды. Воронцова эки күндөн бери сотто Аида Салянова жана анын жактоочусу Жакупбекованын өтүнүчтөрүнүн бирөөнү дагы канааттандырган жок. Кошумча күбөлөрдү чакыруудан баш тартты. Воронцова экс-президент Атамбаевдин жансакчысы Эркин Мамбеталиевди актап жиберген соттук коллегиянын мүчөсү экен.

Бул күн дагы жол кырсыгысыз өтпөдү. 

Ысык-Көл районунун Корумду айылынын аймагында 2 машине кагышып, 8 адам ар кандай деңгээлде жаракат алган. Алардын бешөө оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиев ырастады. Анын айтымында, жол кырсыгынан жабыркаган 8 киши ооруканага келип түшкөн. Анын бешөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, анын ичинен бирөө абалы оңолуп, башка бөлүмгө которулган. Учурда калган төртөөнүн абалы оор бойдон.

Ысык-Көл райондук милициясынын жол көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Тимур Кадыровдун маалыматында, кырсык бүгүн, 20-декабрда саат 10:00 чамасында Балыкчы-Каракол жолунун 100-чакырымында болгон. Анда карама-каршы келаткан БМВ жана «Ауди 100» үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Учурда тийиштүү экспертизалар жүргүзүлүп, кырсыктын себептери иликтенүүдө.

Шыкмаматов эл талашып окучу китеп жазарын айтат

Райондук сот 5 млн сом айып салып, күнөөлү деп тапкан Алмамбет Шыкмаматов акыйкатсыздык менен мандаты жок деле күрөшө берерин билдирген.

— Мен шаардык сотко, Жогорку Сотко, эл аралык сотторго кайрылам. Мен булар менен өмүрүмдүн акырына чейин күрөшөм. Кеп мандатта эмес, мен мандаттан ажырап эле саясаттан четтеп калмак белем. Мен көчөдө жүрүп деле саясатта болом. Азыр трибунада эле эмес, атуул катары деле өз позицияңды билдирсең болот. Эгер мандаттан ажыратса эл талашып окуй турган, Кыргызстандагы коррупция, уурдалган революция жөнүндө аттарын атап, далилдери менен, аттарын атап китеп жазам.

 

 

Количество просмотров: 39