• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

20 медкызматкерден коронавирус аныкталды

3 Баш оона 202011:46 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө сутка ичинде 20 медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

«Ош шаарында 4, Жалал-Абадда 3, Ысык-Көлдө 5, Нарында 1 жана Баткен облусунда 7 медик ооруну жуктуруп алган»,-деди ал.

Ошол эле учурда бир суткада 8 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылган.

Кошумчалай кетсек, жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 829 учур катталып, алардын ичинен 1 миң 853 медкызматкер айыккан.

Количество просмотров: 79