• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

20-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы

19 Жетинин айы 201814:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.11.2018.Govori.TV.
“Кыргыз гидромет» агенттиги кабарлагандай, 20-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар түшөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8,
Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8,
Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…5, күндүз 6…11,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8,
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 1…6,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17…22, күндүз -7…-12 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, жолдорго муз тоңот. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 4…6 градус болот.
Количество просмотров: 41