Балыкчы–Кочкор жаңы темир жолунда жолду акыркы даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Маалыматка ылайык, учурда поезддердин кыймылынын натыйжалуулугун жана кошумча коопсуздугун камсыз кылуу максатында темир жолдо алгачкы жолу заманбап ВПО-С үлгүсүндөгү машинанын жардамы менен жолду түздөө, шпалдарды таптоо жана акыркы бүтүрүүчү иштерди жүргүзүүдө.
Маалыматта белгиленгендей, жогорку өндүрүмдүү техниканы пайдалануу темир жолдун геометриялык тактыгын камсыздап, келечектеги поезд кыймылынын коопсуздугун жогорулатат, ошондой эле курулуш иштеринин сапатын жана аткаруу ылдамдыгын кыйла жакшыртат.
Балыкчы — Кочкор жаңы темир жолунун жалпы узундугу 63,4 километрди түзөт. Учурда бул тилкенин жана Кочкор бекетинин эки кабаттуу имаратынын курулушу аяктап жатат.