• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Шаардык сотто Ташовдун иши каралууда

16 Теке 202611:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-июлда Бишкек шаардык сотунда абактагы ишкер, KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун ишин кароо уланды.

Маалым болгондой, бүгүн өкүм чыгышы мүмкүн.

Эске салсак, Биринчи май райондук соту Ташовду былтыр үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан.

Адвокат райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз жазган. 

Количество просмотров: 11