• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

20-сентябрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

19 Аяк оона 201814:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.09.2018.Govori.TV.
20-сентябрда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;
Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;
Баткен облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 26…31;
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн 12…14, күндүз 26…28 градус жылыйт. Жаан-чачын болбойт.
Количество просмотров: 37