• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

20 жыл мурун жоголуп кеткен апасын видеодон көрдүм деген Айпери жардам сурайт

5 Бугу 202212:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Айпери аттуу тургуну 20 жылдан ашык убакыт мурун дайынсыз жоголгон апасын табууга жардам сурайт.

Дайынсыз жоголгон аялдын аты-жөнү 1958-жылы туулган Кызбурак Курбанкулова. Ал Жалал-Абад облусунун Сузак районунан болот. Курбанкулова 2001-жылы 26-сентябрда «Дордой» базарында дайынсыз жоголгон.

«Кечээ күнү социалдык тармактарда бир аялдын ырды угуп ыйлап жаткан видеосун көрдүк. Бардык туугандары жана достору бул ал деп айтышат, анын ичинде мен да. Балким ал деп үмүттөнөм. Азыр издеп жатабыз, бирок жок. Бул издөөгө жардам берүүңүздөрдү суранабыз», — дейт Айпери.

Айперинин номуру: 0779 04 80 87

Количество просмотров: 22286