• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

200 медкызматкер Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

16 Баш оона 2020 9:40 Бишкек Govori.TV

Медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош, Талас облустары менен Бишкек шаарынан топтолгон дарыгерлер, медайымдар, санитарлар, техникалык персоналдын өкүлдөрү менен тез жардам унааларынын айдоочуларынан турган топ 15-август күнү чыгып кетишкен.

Медицина кызматкерлери «Эне-Сай» пансионатында бир жума болушат. Каражат маселеси Эмгекчилердин ден соолугун калыбына келтирүү фонду тарабынан чечилген.

Белгилей кетсек, акыркы үч аптанын аралыгында «Эне-Сай» жана «Алтын-Жай» пансионаттарында жалпы жонунан 450 медкызмакер эс алган.

Количество просмотров: 122