Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоо реабилитациялык борборунда аймактардан келген окуучулардын эс алуусу уюштурулду.
Билим берүү жана илим министрлиги КП президентинин Иш башкармалыгы менен биргеликте балдардын ден соолугун чыңдоо менен бош убактысын өткөрүүнү пландаштырган. Буга министрликтин багыты боюнча 1 585 бала эс алууга барат.
Биринчи агым менен 10-июндан 24-июнга чейин 800 бала жана аларды коштоп жүргөн адамдар үчүн жатакана, тамак-аш, оюн-зоок программалары, ар кандай ийримдерде билим алуу камсыз кылынат.