• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

2017-жылы эле 2миңден ашык жаран Акыйкатчыга кайрылган

23 Тогуздун айы 2018 11:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.10.2018. Govori.TV

2017-жылы Акыйкатчы институтуна жарандардан 2 миңден ашуун кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында акыйкатчы Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары кеч чыкканы үчүн 2 жылга чейин убактылуу кармоочу жайда отургандар бар. Эң көп арыз сот органдарына, укук коргоо органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана министрликтердин жетекчилерине карата жазылган. Атайын кайрылуулардан улам Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 1300 сот отурумуна катышкан.  Мындан тышкары ал өлкөдөгү социалдык-экономикалык маселелерге токтолуп,  пенсионерлердин жана майыптардын көйгөйлөрү менен тааныштырды.

Ал эми депутат Алмамбет Шыкмаматов Акыйкатчы  институтунун  чет жакта соттолгон Кыргызстандын жарандарынын укугу боюнча бир катар сын пикирлерди айтты. Анын ичинен Кытайда жоопко тартылган жарандардын укугу такыр каралбай жатканын айтып, тиешелүү чараларды көрүүгө чакырды. Ошондой эле Орусия менен гана жарандардын укугун коргоо боюнча атайын келишим бар экенин айтып, бирок ал келишим да учурда аткарылбай жатканын эскертти.

Айта  кетсек учурда Орусияда эле жоопко тартылган 200 дөй кыргыз жараны бар.

Количество просмотров: 27