Бишкек.28.12.2018.Govori.TV
Бул жылы көпчүлүгү эмнелерге жетиштим, эмнелерге жетишпей калдым деп жыл жыйыныгын чыгарып жаткан учур. 2018-жыл шоу бизнестеги кээ бир ырчыларга жемиштүү болсо, кай бири үчүн жакшы жыл болду деп айтууга болбойт. Биз шоу бизнесте 2018-жылы кандай окуялар болду? Чыгармачыл инсандарыбыздын жетишкендиктери жана ошол эле учурда кемчиликтерин дагы сөз кыла кетпесек болбойт.
Говори.ТВ мультимедиалык агенттиги бул жылы ырчылар менен тыгыз иштеп, алардын чыгармачылыктагы жаңылыктары менен бөлүшүп, интервью уюштуруп турду.
Ушундай таризде бул жыл шоу бизнес өкүлдөрү үчүн кандай жыл болгонун жана кандай окуялар менен эсте калганын тизмелеп көрдүк.
Алгач эле биздин агенттик узап барткан жылдын жагымдуу көз ирмемдерин эске салат. Бул жылы бир башын эки кылып, турмуш курган ырчылар кайсылар десеңиз;
Алар: Нурлан Насип & Асель Кадырбекова, Баястан & Зулфия, Арсен & Бегайым, Курал Чокоев жана жубайы Жанара, бийчи Жан Воинов менен түгөйү Заля Алмасовалар болду.
Кыргыз эстрадасынын примадоннасы атыккан Гүлнур Сатылганова 1-ноябрда 50 жашка толуп, бул жашты салтанаттуу түрдө жакындарынын курчоосунда белгиледи. Ырчыны улуу муундун дагы, кичүү муундун дагы өкүлдөрү куттуктап жатышты.
2018-жыл популярдуу ырчы Мирбек Атабеков үчүн дагы ийгиликтүү жылдардан болду. Ал адаттагыдай хит ырларды жаратып, күйөрмандарын кубанычка бөлөдү. Атабеков жубайына ыр арнап, анимациялык клип тартып жана бир канча тасмалардын саунтрегин аткарды.
Бул ийгиликтер менен кошо таланттуу ырчы сынга дагы кабылганын айта кетпесек болбойт. Анын казакстандык ырчы айым Камшат Жолдыбаева менен биргеликте аткарган “Тында мени”атту ырынынын клиби коомчулуктун көз карашына туура келген жок. Бирок кандай болгон күндө да ырчыны жубайы баш болуп колдоп, жакшы пикирлерин калтырган күйөрмандары дагы болду. Мирбек Атабеков бул жылы жеке концертин дагы элге тартуулады.
Ал эми жолдошу менен эки ажырым жолго түшүп, коомду түйшөлткөн ырчы Анжелика болду.
Ырчы жолдошу Урмат Бекболиев менен ажырашканын айтып, экөө эки жолго түшкөнүнө аз убакыт өткөнүнө карабай сүйүктүүсүн тапканын дагы айтып чыкты.
Дайыма эл талкууусунда жүргөн ырчы ыр жаздырып, клип тарттырып көптөгөн долбоорлордун үстүндө иштеди. Ал жакында эле ижарага унаа алып, аны кызы Айымага белек кылганын дагы кабарлаганын айта кетпесек болбойт.
Самара Каримова бул жылы дагы коомдун талкуусунан түшкөн жок. Ал сериалга тартылып,ыр жаздырып, спектаклде роль жараткандан сырткары музыкалык окуу жайдын жетекчилик кызматына дайындалып, кайра алынды.
Аны маданият маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ишке дайындоо мыйзамсыз болгонун жана ал кызматты ырчы өзү сурап кайрылганын айтып түшүндүргөнү белгилүү.
Гүлзат Мамытбек алгач өзү тарткан видеолорду социалдык желелерге таратып, аты чыкты. Ал өзүн “кыргыздын деми” деп атап,чыгармачылыкка дагы катуу киришип бир канча клиптерди тартырганы маалым.
Бул жыл Гүлзат Мамытбек үчүн ийгиликтүү болду көрүнөт. Ал жеке жашоосун дагы бир калыпка салып жакынкы күндөрү экваторлук жигитке турмушка чыкты. Бирок азыркы күнгө чейин бул жаңылыкты кабыл албай терс пикирлерин билдиргендер көп..
Айта кетчү нерсе бул жылы маданият өкүлдөрүнүн маданиятсыз кылык жоруктары маданият сүйүүчүлөрүн түйшөлтүп ойго салганы жалган эмес. Дегеним алып баруучу Нурзат Токтосунова менен ырчы Айгерим Расул кызынын тойдогу чачташуусу көпчүлүктү таң калтырды.
Бул жылы Кыргыз-өзбек киночулары биргелешип тарткан “Делбирим” тасмасынын башкы каарманы Мадина Талипбек Эл аралык кинофестивалда “Мыкты актриса” наамына татыктуу болду.
Эске сала кетсек, тасма Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата тартылып убактысы 1 саат 40 мүнөттү түзгөн.