2019-жылы министрликтер менен мекемелердин бюджеттик чыгашаларын 14 миллиард сомго кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда Каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, келээрки жылы мамлекеттик бюджеттен 8 жаңы долбоор каржыланат. Учурда алар координациялык кеңештин кароосунда турат. Муну менен катар министрлик чыгымдарды азайтууну пландап жатат.
«Аталган маселе боюнча министрликтер менен макулдашуулар жүрүп жатат. Анткени бюджеттин көпчүлүк бөлүгү айрым министрликтерде пайдаланылбай калууда. Негизинен каржылоо энергетика, транспорт, социалдык өнүктүрүү, саламаттык сактоо, билим берүү жана суу менен камсыз кылуу тармактарында кыскартылат», — деди Касымалиев.