• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Нарындагы жаратылыш музейи реконструкцияланат

26 Кулжа 202617:45 Бишкек Govori.TV

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Нарындагы «Кара-Тал-Жапырык» жана «Нарын» мамлекеттик жаратылыш коруктарынын абалы менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш сапардын алкагында өлкөнүн эко-туризми үчүн маанилүү болгон маселелер каралды.

Атап айтканда, Нарын жаратылыш коругундагы жаныбарлардын музейин реконструкциялоо маселеси талкууланды. Мында каман, кулжа, аркар, бугу-марал, аюу жана канаттуулардын 20дан ашык сейрек кездешүүчү түрлөрүнүн экспонаттары бар. Учурда имараттын да, экспонаттардын да абалы начар. 

Министр музейдин ишин толук кандуу жандандыруу үчүн атайын акча каражаты бөлүнөрүн билдирди.

Количество просмотров: 13