• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

202 адам COVID-19 жуктурду

1 Бирдин айы 20229:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 1-февралга карата коронавирус 202 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек шаарында – 69;
  • Ош шаарында – 2;
  • Чүй облусунда – 69;
  • Ош облусунда – 7;
  • Талас облусунда – 5;
  • Нарын облусунда – 5;
  • Ысык-Көл облусунда – 22;
  • Жалал-Абад облусунда – 9;
  • Баткен облусунда – 14.

Акыркы суткада 547 адам илдеттен сакайып чыкты, 4 кыргызстандык каза болду. Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 7 медициналык кызматкер катталды.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 63 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 903 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 198 миң 518 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 188 миң 143 киши айыгып чыкса, 2 миң 884 адам каза болду.

Количество просмотров: 39