Өлкөдө 2021-жыл экологияны коргоо жылы деп жарыяланышы мүмкүн. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирди.
Мындай демилгени экологиялык кырдаалды жакшыртууга арналган тегерек столдун катышуучуларынын бири көтөргөн.
Ал эми Новиков бул жылды кайсы тармакка арноо боюнча чечим чыга электигин, аталган сунуш менен президенттик аппаратка кайрыла турганын айтты.