2026-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда утилизациялык жыйымдын суммасы 150 миллион сомго жетти. Бул тууралуу экономикада жабык циклге өтүү жана калдыктарды башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча өткөн тегерек үстөлдө айтылды.
Иш-чарага Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү, Эко Оператор жана бизнес өкүлдөрү катышып, өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртууга багытталган реформаларды талкуулашты.
2025-жылдын жай айларынан бери «Эко Оператор» мамлекеттик ишканасы өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги системасын жүргүзүп келет. Бул система боюнча өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар товар колдонулгандан кийин аны кайра иштетүү же утилизациялоо үчүн жооп берет.
Учурда атайын реестрге таштандыларды сорттоо, кайра иштетүү жана жок кылуу менен алектенген 130 субъект киргизилди.
Бул чаралар жабык цикл экономикасына өтүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган.