• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Климаттык өзгөрүүлөргө жаңы мыйзам кабыл алынат

9 Чын куран 202614:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, депутаттар парламенттин отурумунда «Климаттык иш-чаралар жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырышты. Бир топ депутаттар демилгечи болуп чыгышкан.

Документ климаттык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салууга жана Кыргызстандын калкына, экономикасына жана экосистемаларына климаттын өзгөрүүсүнүн таасирин минималдаштыруу максатында климаттык аракеттердин укуктук негизин түзүүгө багытталган. Мыйзам ошондой эле өлкөнүн климаттык туруктуулугун камсыздоо жана төмөн көмүртектүү өнүгүү принцибин киргизүүнү көздөйт.

Мыйзамдын максаты – климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу мамлекеттик саясатты пландап, иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн негиз түзүү, анын ичинде:
1. Парник газдардын чыгышын кыскартуу, митигация жана адаптация иштерин жүргүзүү, улуттук деңгээлде аныкталган салымга ылайык көмүртексиздикке жетүү.
2. Климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо, туруктуулукту жогорулатуу жана терс таасирлерге туруктуулукту күчөтүү.

Кыргыз Республикасы Париж келишимин ратификациялаган. Бирок азыркы «Парник газдарды чыгаруу жана сиңирүү боюнча мамлекеттик жөнгө салуу жана саясат жөнүндө» мыйзам иш жүзүндөгү практикага туура келбейт.

Ошондуктан Кыргыз Республикасынын «Климаттык иш-аракеттер жөнүндө» мыйзам долбоору иштелип чыгып, климаттык саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу менен байланыштуу көптөгөн маселелерди жөнгө салат.

Количество просмотров: 132