• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

2021-жылдын башынан бери Кумтөрдө алтын өндүрүү 84 пайызга чейин өскөн

14 Үчтүн айы 2022 2:15 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын башынан бери Кумтөр кенинде алтын чыгаруу салыштырмалуу өскөнүн билдирди. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компанинин» аткаруучу директору Канат Курманов маалымат жыйынында билдирди.

Ал билдиргендей, тышкы башкаруу киргизилгенден кийин «Кумтөр Голд Компани» баалуу металлды казып алуу боюнча пландарын ашыра аткарууга жетишкен.

«Мен каражат боюнча так сумманы айта албайм. Ал эми проценттик эсеп менен алганда, алтындын алынышы жыл башынан бери 84% га чейин өстү», — деди ал.

Канат Курманов ошондой эле “Центерра Голд” менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы кийинчерээк белгилүү боло тургандыгын кошумчалады.

Анын айтымында, Теңгиз Бөлтүрүк 14-январда министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө отчет берет жана «Центерра Голд» менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен да бөлүшөт.

Количество просмотров: 333