• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Теңиз Бөлтүрүк боюнча сот чечим чыгарды

21 Жетинин айы 2023 17:00 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 21-ноябрда «Кумтөр голд компани» ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн ишин карап, жыйынтыгында ага 800 миң сом айып салды жана банк эсептерин камактан чыгарууну чечим кылды.

Сот чечимине ылайык, Тенгиз Бөлтүрүк Башкы прокуратуранын эсебине которгон 10 млн сом «Кумтөр» ишканасына кайтарылат.

Жараян учурунда Тенгиз Бөлтүрүк сотко кайрылып, бир жылдан бери эч жерде иштебей, тергөө абагында, андан кийин ооруканада жатканын белгилеп, үй-бүлөсүн багуу үчүн мурда сот тарабынан камакка алынган мүлкүн бошотууну сурады.

Башкы прокуратура былтыр “Кумтөр” ишканасындагы коррупциялык иштерден бюджетке 1 млрд 146 млн сом зыян келтирилгенин кабарлап, компаниянын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк менен жооптуу кызматкерлерди кармаган.

Количество просмотров: 203