• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

2022-жылы ипотекалык насыя менен канча киши турак жайлуу болду?

19 Үчтүн айы 2023 13:44 Бишкек Govori.TV

2022-жылы “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКнын уставдык капиталынын жана жүгүртүү каражаттарынын эсебинен 1 миң 804 адам 4 млрд 655 млн сом ипотекалык насыя алышкан.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, “Менин үйүм 2021-2026” программасын ишке ашырууга жана 2022-жылы “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсын финансылык ресурстар менен камсыз кылуу максатында министрлер кабинетинин токтомунун алкагында уставдык капиталды көбөйтүүгө 3,8 млрд сом бөлүнгөн.

2022-жылдын 31-декабрына карата (“МИК” ААКнын маалыматы) электрондук порталга “Менин үйүм 2021-2026” программасына катышуу үчүн 56 миң 800 жаран катталган, анын ичинен 19 миң 695 жарандын тизмеси ААК тарабынан бекитилген. Кезекте 9 миң 100 жаран банктардын кароосунда турат.

Белгилей кетсек, “МИК” ААК тарабынан бөлүнгөн каражаттар өз алдынча багыттар боюнча кайра бөлүштүрүлөт (Ипотекалык кредиттөө, турак жай курулушу ж.б.)

Количество просмотров: 222