• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

2022-жылы “Кумтөрдөн” өндүрүлгөн алтындын көлөмү айтылды

26 Аяк оона 2023 23:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештеги комитет жыйынында Финансы министрлигинин 2022-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчету каралды.

Анда ЖК депутаты Дастан Жумабековдон Кумтөрдөн түшкөн кирешелер жана Кумтөр кенинде 2022-жылга карата алтын өндүрүүнүн көлөмү боюнча суроо берилди.

КР Финансы министрлиги (тактоо үчүн) белгилегендей, Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолуна (КРМК 2023-жылдын 6-сентябрындагы № 484 токтому) ылайык алтын жана Доре эритмесин өндүрүүнүн болжолдонгон көлөмү 15 862,8 кг, реалдуу 2021-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 108,9%.

«Ошол эле учурда 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кумтөрдө алтындын иш жүзүндөгү өндүрүшү 17 305 кг, сатылган алтындын көлөмү 17 284 кг  түздү. Кумтөрдөн 2022-жылга салыктык түшүүлөрдүн иш жүзүндөгү көлөмү 27 959,4 млн сомду түзүп, 2021-жылга карата өсүү темпи 267,3%ды түздү», — деп айтылат маалыматта.

Салык төлөмдөрүнөн тышкары, Кумтөр төмөнкүдөй милдеттүү төлөмдөрдү жүргүзгөн:

Социалдык төлөмдөр, айлана-чөйрөнү булгоо үчүн төлөмдөр, суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн төлөм, айлана-чөйрөнү булгоо үчүн төлөмдөр, ошондой эле Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду сыяктуу фонддорго төлөмдөр, «Теңир-Тоо» Нарын облусун өнүктүрүү фонду, Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду, Жаратылышты өнүктүрүү фонду жана башка.

Количество просмотров: 262