Ички иштер министрлиги ИИМ «Кумтөр Голд Компани» мамлекеттик ишканасынын башкаруучуларынын бири Ж.А камалганын билдирди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 339-беренеси (билип туруп пайдасыз келишим түзүү) менен кылмыш иши козголгонун кабарлады. Анын негизинде компания 16 миллион сомдон ашык зыянга учураганы аныакталганын белгиледи.
«ИИМ «Кумтөр Голд Компанинин» кызмат адамдарынын өз укугун кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады. Тергөөгө ылайык, айрым жетекчилер жеке кызыкчылыгын көздөп, пайда көрүү, айрым юридикалык жактардын кызыкчылыктарына таасир этүү максатында майды сатууда билип туруп пайдасыз келишимдерди түзгөн. Натыйжада, ишкана зыянга учураган. Көз карандысыз аудитордун корутундусуна ылайык, майдын бир бөлүгү каржылык мыйзам бзуу менен сатылган жана анын негизинде 2023-2024-жылдары зыяндын жалпы суммасы 16 461 900 сомду түзгөн»,-деп жазылган маалыматта.