• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров Кумтөрдөн түшкөн акча кайда жумшалып жатканын айтты

27 Баш оона 202510:48 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 27-августта “Кумтөр Голд Компани” ишканасы кенден жер астынан алтын казуу долбоорун баштаганын билдирди. Мамлекет башчынын сөзүнө караганда, 1600 метрдей жер көзөлүп, тунель жасалды. Эми курамы тоннасына 5 граммдан жогору болгон баалуу рудалар алынат.

Жер астынан алтын казуу долбоорунун иштөө мөөнөтү 17 жылга ыйлайыкталып, 147 тонна алтындын геологиялык запасы мамлекеттин балансына коюлду. Садыр Жапаров Кумтөрдө мурда казылып келген карьерлерден ачык ыкма менен да алтын өндүрүлө берерин кошумчалап, кен мамлекетке өткөн үч жылда түшкөн пайда тууралуу маалымат берди.

“Ишкананын 2021-жылдын май айынан бүгүнкү күнгө чейинки жалпы кирешеси 3 миллиард 445 миллион долларды түздү. Мамлекеттик бюджетке салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө эле 891,6 миллион доллар төлөндү. Дээрлик 1 миллиард доллар. Бул мезгил ичинде жалпысынан 54 тоннадан ашуун алтын өндүрүлдү. Мурда Кумтөрдү чет өлкөлүк компания иштеткен 28 жыл ичинде үлүштүк киреше же дивиденд түрүндө болгону бизге 100 миллион доллар беришсе, мамлекетке өткөн 3 эле жылдан бери 441 миллион доллар дивиденд алдык”, — деди ал.

Количество просмотров: 528