• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

2023-жылы 23 оорукананын курулушу пландалып жатат

25 Жетинин айы 2022 9:28 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 2023-жылы 23 заманбап оорукананын курулушу пландалып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ошондой эле жыл аягына чейин 97 тез жардам унаасын сатып алынып, анын 33ү Баткен облусуна жөнөтүлөрү пландалууда.

Маалым болгондой, Баткен облусунун Лейлек районунда Катар кайрымдуулук фондунун эсебинен 230 орундуу оорукана куруу пландалууда.

Мындан тышкары, Баткен шаарында жана Лейлек районунда «Кызыл жарым ай» коомунун жардамы менен заманбап өлүккана курулат.

Количество просмотров: 138