Лыжа тээп келе жатып тосмодон учуп кеткен кыздын колу-буту жана омурткасы сынган. Бул тууралуу милициянын маалыматында айтылат.
Маалыматта айтылгандай, 8-февралында саат 21:40 чамасында милицияга Байтик айылында жайгашкан Кашка-Кулак лыжа базасында лыжа тээп жүрүп, А. аттуу аял жарга кулап түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн.
Тергөөнүн жүрүшүндө 2006-жылы туулган Т.А. достору менен лыжа тээп, лыжа базасына келгени аныкталган. Алар лыжа билеттерин алгандан кийин лыжа тээп башташкан, ал учурда Т.А. чоң ылдамдыкта бара жатып, жардын жанына орнотулган аркан тосмодон өтүп, жарга кулап түшкөн.
Алган жаракаттарынан улам жабырлануучу Бишкек шаардык Улуттук ооруканасынын травматология бөлүмүнүн жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Алдын ала медициналык корутундуга ылайык, анын эки буту, сол колу жана омурткасы сынган.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда зарыл болгон тергөө чаралары жүрүп жатат.