Бүгүнкү күндө республиканы газдаштыруу денгээли 38% түзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда өткөн маалымат жыйында белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, жаңы райондорду газдаштыруу иштери КРны газдаштыруу боюнча башкы схеманын жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын инвестициялык программасынын алкагында жүргүзүлүүдө. 8 жыл аралыгында 42 жаңы конуш газдаштырылды. Алардын катарында Бишкекте 27, Чуй облусунда 14 жана Ошто бир конушка газ кирген.
Кошумчалангандай, газдаштыруу иштери Кыргызстандын ар кайсы райондорундагы 250 миңден ашык кошумча жашоочуну камтыган.
2023-жылы «Газпром Кыргызстан» компаниясы Бишкек шаары жана Чуй облусу боюнча дагы 11 объектти газдаштырууну пландап жатат:
Чуй облусу боюнча: