Бишкектин Ак-Өргө жаңы конушуна жаңы сквер курулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, сквер Ашар жана Арабаев көчөлөрүнүн кесилишинде аянты 2,4 гектарды түзгөн аймакка салынат.
Учурда жер участогун пландаштыруу боюнча иштер башталды. Долбоор борбор калаанын мэриясынын мамлекеттик-капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу ишке ашырылууда.