• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

«Чыдап тургула…»: Жапаров жаңы конуштардын жашоочуларынын көйгөйлөрүн чечип берүүнү убадалады

22 Жетинин айы 2021 13:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-ноябрда президент Садыр Жапаров бир нече жаңы конуштардын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуу «Ала-Тоо 3» конушунда өтүп, ага миңдеген жашоочулар чогулуп, кайгылуу, көйгөйлөрдү айтышты.

Жолугушууда Жапаровдон тургундар жер тилкелерин мыйзамдаштырып, көрүстөнгө коюуга уруксат берүү маселесин чечип берүүнү, милициянын участкалык пунктун ачып, мектеп, бала бакчаларды куруп, коомдук транспортту ишке киргизүүнү суранышты.

Алардын арызын уккан президент көйгөйлөрүн чечүүгө убада берди. Анын айтымында, бул жаңы конуштарда жашаган 13 миң үй-бүлө кызыл китептерин, жеринин документтерин ала алат. Ал эми губернаторго көрүстөнгө коюу маселесин чечүүнү тапшырды.

Мындан тышкары президент коомдук транспортту да ишке киргизүү, социалдык объектилер боюнча маселердин да чечиле турганын айтты.

Количество просмотров: 568