2025-жылы 98 аудитордук иш-чара өткөрүлүп, 1 636 мамлекеттик түзүм жана ведомстволук бөлүм текшерүүгө алынган. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңеште Эсептөө палатасынын отчету каралып жатат.
Акматовдун айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгында калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 21 млрд 414 млн сом суммасындагы финансылык тартип бузуулар аныкталды.
“Көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында, жыл ичинде бул каражаттын 13 млрд 406 млн сому же 62,6%ы кайра тиешелүү бюджеттерге калыбына келтирилди”, — деди ал.