Эсептөө палатасы Тышкы иштер министрлиги жана анын чет өлкөлөрдөгү мекемелериндеги 2023-2024-жылдардагы аудиттин жыйынтыктарын карады
2025-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө 2023-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында Тышкы иштер министрлигинде жана анын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары каралды.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча Тышкы иштер министрлигинде жалпы 72,7 млн сомдук финансылык бузуулар аныкталып, анын ичинен бюджетти аткарууда, мүлктү пайдаланууда, отчеттуулуктун жана сатып алуулардагы мыйзам бузууларды камтыган учурлар болду. 5,3 млн сом калыбына келтирилүүгө тийиш болгон каражаттар толугу менен өндүрүлгөн.
Тышкы иштер министрлигинин Борбордук аппараты боюнча текшерүү учурунда атайын каражаттардын эсебинен кызматкерлердин эмгек акы төлөмдөрү, социалдык чегерүүлөр жана транспорт чыгымдарында ашыкча төлөмдөр аныкталып, кийин кайтарылган. К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академияда гранттык каражаттар казына аркылуу эмес колдонулган, эмгек акы жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам бузуулар белгиленген. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрдө консулдук кызмат көрсөтүүлөр доллар менен жүргүзүлгөн, кызматтык сапар чыгымдары жана негизги каражаттарды баланстан чыгарууда шайкеш келишпестиктер аныкталган.
Чет өлкөлөрдөгү мекемелерде аудит 11 субъектиде, анын ичинде 19 элчилик, 2 өкүлчүлүк жана 6 консулдукта жүргүзүлгөн. Натыйжада Индия, Алматы жана Екатеринбургдеги запастар, Малайзиядагы ижара чыгымдары, Венгрия, Австрия жана Италиядагы дебитордук карыздар, Украинадагы төлөнбөгөн эмгек акы, ошондой эле Украина, Сауд Арабия жана Катардагы калдык каражаттар боюнча көйгөйлөр аныкталды.
Эсептөө палатасынын Кеңеши талкуунун жыйынтыгында тиешелүү чечимдерди кабыл алып, аныкталган бузууларды жоюу жана аудиттин сунуштарын ишке ашыруу боюнча Тышкы иштер министрлигине жана анын мекемелерине көрсөтмөлөрдү берди.