• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинде финансылык бузуулар аныкталды

19 Жетинин айы 202512:01 Бишкек Govori.TV

Эсептөө палатасынын Кеңеши жыйынга чогулуп Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн жана бюджеттин аткарылышынын шайкештик аудитинин жыйынтыктарын карады. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аудит 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилди камтыган.

«Аудиттин жүрүшүндө ченемдик талаптарга жана финансы тартибине шайкеш келбеген иш-аракеттердин жалпы суммасы 948,4 млн сомду түзгөнү аныкталды. Анын ичинен 32,2 млн сом финансы мыйзам бузуулары катары катталса, 2 млн сомго жакын каражат аудиттин жүрүшүндө кайра калыбына келтирилди. Текшерүүдө дивиденддер боюнча 37,4 млн сом карыз топтолуп калып, алардын ичинде 27,3 млн сом айып пул катары эсептелгени белгилүү болду. Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тармагында дагы олуттуу көйгөйлөр аныкталган: жалпысынан 33,9 млн сом финансылык мыйзам бузуулар аныкталган, 28,7 млн сом каражат бюджетке түшпөй калган. Аудит учурунда ижара мамилелериндеги айрым материалдар укуктук баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жиберилди», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 112