• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

2025-жылы Соцфонддун бюджети 117 млрд сомдон ашат

27 Жетинин айы 202412:41 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш Социалдык фонддун бюджети тууралуу мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алды.

Мыйзам долбоорлору тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев маалымат берди. Анын айтымында, 2023-жылы Социалдык фонддун бюджетинин жалпы чыгымдары 90 млрд 297,4 млн сомду түздү. Ал кошумчалагандай, Социалдык фонддун 2023-жылга бюджети 11 миллиард сом профицит менен бекитилген жана жылдын аягында 12 миллиард 882,5 миллион сом профицит менен аткарылган. Ал эми 2024-жылга карата Социалдык фонддун такталган бюджети 110 млрд сомдон ашык суммада белгиленген. 2025-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети 117 млрд сомдон ашык суммада каралууда.

Эсептөө палатасынын аудитору Пардаали Батиров белгилегендей, 2023-жылдагы Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудитте 214 млн сом дал келбестиктер аныкталган.

Количество просмотров: 155