• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогорку Кеңеш 2025-26-жылдар үчүн бюджет долбоорун кабыл алды

11 Бештин айы 202415:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 11-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында 2025-2026-жылдар үчүн Кыргызстандын бюджети боюнча мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Расмий маалымат боюнча, кийинки жылы республикалык бюджеттин кирешеси 430 млрд 244,6 млн сом, чыгашасы 405 млрд 946,7 млн сом болот.

Акылбек Жапаров буга чейин 2030-жылга карата ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) көлөмүн 30 млрд долларга жеткирүү максатын ашыруу үчүн ИДӨнүн жылдык өсүшүн 12-13% деңгээлинде кармап туруу зарыл экенин айткан.

Бюджет боюнча кабыл алынган мыйзам долбоору эми Президентке кол коюуга жиберилет.

Количество просмотров: 144