• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

21-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

20 Чын куран 2020 18:52 Бишкек Govori.TV

Эртең, 21-апрелде түнкүсүн өлкө аймагында жаан жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу жана тоого жакын райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Ал эми Чүй, Талас облустарынын тоолуу аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26

Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26

Баткен облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+17

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+17

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11 градус, күндүз +24…+26 градус болот.

Количество просмотров: 176