«Кыргызгидромет» кабарлагандай, 21-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29,
Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25,
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 24…29,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27,
Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…+5, күндүз 6…11°.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 27…29°ка жетет.