• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

21-октябрда күтүлгөн аба ырайы

20 Тогуздун айы 202315:26 Бишкек Govori.TV

21-октябрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндуз 15…20 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 20…22 градус жылуу болот.

Количество просмотров: 316