Эртең, 21-январда өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт, деп маалымдайт Кыргызгидромет. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын туман каптайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн -4…-9
күндүз -2…+3
Талас облусунда
түнкүсүн -5…-10
күндүз -3… +2
Баткен облусунда
түнкүсүн -3…-8
күндүз 0…+5
Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн -3…-8
күндүз 0…+5
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -4…-9
күндүз -1…+4
Нарын облусунда
түнкүсүн -22…-27
күндүз -10…-15
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6 градус, күндүз +1…+3 градус болот.
Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6 градус, күндүз +1…+3 градус болот.