• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

22-декабрь. Күндүн ыргагы… Текебаевдин туулган күнү кара туман менен башталып, кайра ачылып кетти. «Кылычы жок Самурай»

22 Бештин айы 2017 18:58 Бишкек Govori.TV

 

Кылычы жок Самурай

Китеп демекчи түрмөдө жаткан Өмүрбек Текебаев бүгүнку туулган күнүндө Китами Масао «Кылычы жок Самурай» деген китебин белеке алыптыр. Мындай белекти анын жактоочусу Канат Хасанов бергенин айтты.

Канат Хасановдун айтымында бул китепте душмандарын куралдын күчү менен эмес, акылдын күчү менен жеңген улуу самурай тууралуу баяндалган.

Ушундай эле белекти Эльмира Ногойбаева дагы тартуулады. Анын Өмүрбек Текебаевге арнаган китеби Халеда Хоссейнинин калемине таандык «Шамал артынан чуркаган» деген чыгарма.

Бүгүн түрмөдө 59 жашын белгилеп жаткан “Ата Мекен” партиясынын лидери аябай көп окуп, дагы китеп сурап  жаткандыгын экс-президент Роза Отунбаева дагы айткан.

 

Сооронбай Жээнбеков сатылбайт

Бул социалдык тармак деген нерсенин жакшы жагы эле ушул. Бир нерсе болсо ызы-чуу болуп, маселе такталат же чечилет экен. Кечээ Сооронбай Жээнбековдун портрети сатылып жатат деген маалымат тарады эле, бүгүн Президенттин аппараты бул маалыматты четке какты.

Эгерде кайсы бир чиновник Сооронбай Жээнбековду аябай жактырып, күнүгө көргүсү келсе же президенттин сүрөтү илинип турбаса жакшы иштей албай жаткан болсо, Президенттин иш башкармалыгы портретти бекер эле берет экен.

 

Оторбаев орден таратты

Өкмөттүн бүгүнкү жыйынына күтүүсүздөн эле Акыйкатчы Кубат Оторбаев кирип келип, өкмөт мүчөлөрүн Жаңы Жылы менен куттуктап, юбилейлик төш белгилерди такты.

Акыйкатчынын төш белгисине биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев, вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев,  билим берүү министри Гүльмира Кудайбердиева, өкмөттүн аппарат башчысы Нурханбек Момуналиев татыктуу болушту.

Мындай күтүүсүз кадамдарды жасап жаткан Кубат Оторбаевди деле түшүнсө болот. КСДП фракциясы анын отчетун кабыл албай, алдындагы креслосу шалактап жаткан учур. Маселенин баарын парламент эмес өкмөт чеччү эле деген Акыйкатчы амал издеп жатса керек да.

 

НТС эмне болоору белгисиз

НТС телеканалынын тегерегидеги талаш-тартыш коомчулуктун көңүл чордонунда турат. Эми НТС Бабановдуку эмес. Бүгүн телеканалга тийиштүү мүлктөрдүн баардыгы катталып бүткөнүн жана убактылуу ишеним менен башкаруу милдети Жайнак Үсөн уулуна берилгенин ал өзү билдирди.

Бирок НТСти “Сентябрь” телеканалындай кылып жалп эттирип жаап салган жок. Эфир кадимкидей эле көргөзүлүп жатат. Анын программаларын деле өзгөрт деген эч ким жок.

НТСтин башкы директору Жайнак Үсөн уулу телеканалдын негиздөөчүсү Данияр Мырзаев деген жаран экендигин айтты. Бирок ал ким жанан каналга эмне тиешеси бар экендигин эч ким билбей жатыптыр.

НТС ти талашкан Grextomln Capital Ltd деген компания Максим Бакиевге тийиштүу экени айтылууда.

 

Башка каналдар байкатпай иштеп жатышыптыр

Санарипке өткөндөн бери жамгырдан кийинкт козу карындай болуп жайнап кеткен телеканалдар мыйзамды бузуп жатышканын депутат Кенжебек Бокоев божурады.

Эл өкүлү мыйзамды көзгө сайып көргөзүп, ал жерде телеканалдардын программасынын 50 пайызы кыргыз тилинде болуш керектигин окуп берди.

“Бул мыйзамды аткарбаган телеканалдарды жабыш керек. Маданият министри телекомпанияларды көзөмөлдөө анын милдетине кирээрин азыр, ушул жерден билип отурат,-деди Бокоев.

Ал эми Маданият жана маалымат министри Султан Жумагылов анын баарын карп отурганга акча дагы, адам дагы жок экендигин айтты.

 

 

Манас менен Каныкейдин нике түнү

Окуучулар эмес мугалимдер деле китептин бетин ачпай калышкан окшойт. Мисалы “Манас” китебинин басылып чыкканына 6 жыл болуптур. Эми гана анын ичинде Манас менен Каныкейдин нике түнү сүрөттөлгөнүн байкап жатабыз. Бул эпизодту башка эмес билим берүү министрлиги дагы байкабай калган экен.

Ал эми китептин тузүүчүсү ким дебейсиңерби? Башка эмес кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев экен. Бул эпизодтту китепке киргизип жатканда Бексултан Жакиев эмнени көздөгөнү эч кимге белгисиз.

Эми Билим берүу министрлиги ЖДогорку окуу жайлардагы жана орто мектептердеги “Манас” китебин чогултуп жатат. Министрликтин стат-катчысы  Калысбек Шадыканов китептин жаңы редакциясы басылаарын айтты. Албетте салык төлөөчүлөрдүн эсебинен.

Ошентип 22-декабрь да бүттү. Бул күн башталып жатканда кара туман каптап, жол көрүнбөй, учактар учпай калды. Бирок түшкө жуук күн кайра жарк этти.

Количество просмотров: 54