• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

22-майда күтүлгөн аба ырайы

21 Бугу 202614:53 Бишкек Govori.TV

22-майга караган түнү өлкө аймагынын басымдуу бөлүгүндө жаан жаап, күн күркүрөйт, Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Күндүз да жаан жаап, күн күркүрөйт, кээ бир жерлерде жаан-чачын интенсивдүү болот.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +12…+17 күндүз +20…+25

Таласта түнкүсүн +8…+13 күндүз +18…+23

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустары: түнкүсүн +13…+18 күндүз +25…+30

Ысык-Көлдө түнкүсүн +5…+10 күндүз +15…+20

Нарында түнкүсүн +7…+9 күндүз +18…+20

Бишкекте түнкүсүн +15…+17, күндүз +23…+25 градуска чейин көтөрүлөт.


Количество просмотров: 178