• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

22 жаштагы кызды Ысык-Көлгө ала качып бара жаткан 5 жигит кармалды

4 Кулжа 2021 17:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2021-жылдын 4-июнунда саат 13:40 чамасында 102 номуру аркылуу адам уурдалгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, окуя Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында, 3-линия көчөсүндөгү Мамакеева атындагы Улуттук хирургиялык борбордун жанында болгон. Болжолдуу түрдө кызды ак түстөгү Tayota автоунаасына отургузуп, белгисиз тарапка бет алышкан.

Уурдалган К.А. аттуу 1999-жылы туулган кыз экени аныкталган.

«Бул факт Бишкек шаарынын Ленин районунун милициясы тарабынан катталып, сотко чейинки өндүрүш башталып, «Перехват» планы жарыяланган. Бардык ГУВДларга жана Бишкек ШИИБге, Чүй облусунун ГУВДга көрсөтмөлөр жөнөтүлүп, ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө саат 14:30 чамасында Чүй облустук ИИББнин кызматкерлери Чүй облустук Жол кайгуул кызматы менен биргеликте, 33-37-чакырымдардагы «Бишкек-Торугарт» айланып өтүүчү жолу менен, ак түстөгү «Тойота Краун» үлгүсундөгү автоунаасы токтотулуп, уурдалган делген кыз К.А. табылган. Ошондой эле унаада дагы 5 жигит Н.Н. 1997-жылы туулган (күйөө делген) жана анын достору М.А. жана 1996-жылы туулган Б.Ж., А.Ч. жана А.А. 1997-жылы туулган, алардын бардыгы Ысык-Көл облусунун жергиликтүү тургундары», — деп айтылат маалыматта.

Бул фактынын бардык катышуучулары Чүй облустук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, кийин бардык жагдайларды тактоо үчүн Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө аймактык органдарына өткөрүлүп берилди. Милициянын алдын ала маалыматтарына караганда кыз менен бала дос болгон.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда кыздарды никегк туруу максатында ала качышат. Бул иштин аягы жаман бүтүп, а түгүл ала качуунун курмандыгы болгон кыздын өлүмү менен аяктаган учурлар да болгон.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда 2020-жылы Кыргызстанда Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен 210 факт катталган. Анын 182си өндүштөн кыскартылып, 11и гана соттун кароосуна жиберилген.

Ал эми ушул жылдын алгачкы үч айында ала качуу, эркинен тыш нике кыюуга мажбурлоого байланыштуу 59 факты катталган. Анын ичинен учурда сегизи гана өндүрүштө.

Количество просмотров: 4843