Кыргызстандын аймагында бүгүн, 4-майга караган суткада дагы 224 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
— Бишкек шаарында 139 адам;
— Чүй облусунда 63 адам;
— Ысык-Көл облусунда 11 адам;
— Ош шаарында 1 адам;
— Ош облусунда 2 адам;
— Нарын облусунда 8 адам.
Өлкөдө илдетти жугузуп алгандардын жалпы расмий саны 96 561, айыккандар 90 146 кишини түздү.
Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны 225ти түздү.
Сакайгандар:
-Бишкек шаары –133;
-Ош шаары 4;
-Чүй облусу –58;
-Ош облусу 3;
-Талас облусу 1;
-Нарын облусу 9;
-Ысык-Көл облусу 9;
-Жалал-Абад облусу 4;
Баткен облусу – 4.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1503 бейтап, амбулатордук түрдө 2295 адам дарыланууда. 1051 бейтаптын абалы орто оордукта, 377 адамдын абалы оор жана 69 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.